• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Актау деңиз порту эл аралык макамынан ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Казакстан өкмөтүнүн токтому менен Актау деңиз порту эл аралык макамынан ажыратылды. Бул тууралуу нормативдик актылардын «Адiлет» маалыматтык-укуктук системанын сайты жазды.

«Актау эл аралык деңиз-соода порту» улуттук компаниясы» аттуу акционердик коом «Актау деңиз-соода порту» улуттук компаниясы» акционердик коому деп өзгөртүлсүн», - деп жазылган токтомдо.

19-апрелде казак парламенти Актау жана Курык портторун Ооганстанга жүк жеткирүү каттамына киргизүү тууралуу протоколду ратификациялаган. 5-майда ага өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон.

Келишимдин өзү Казакстан менен АКШнын ортосунда 2010-жылы июнда түзүлгөн. Ал жүктөрдүАзербайжандан Каспий деңизи менен Казакстанга, андан ары Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Быйыл күчүнө кирген протокол жүк жеткирүү каттамына Курык жана Актау портторун гана кошот. Бул өзгөртүүлөр АКШ тараптын өтүнүчү боюнча киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий