• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акциялар, флешмобдор жана жөө жүрүштөр. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнү белгиленет

Ден соолук 0

Бишкек, 05.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнүнө арналган кампания старт алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басара Эркин Чечейбаев билдирди.

Ал белгилегендей, адамдын жашоосу бир гана анын денинин сактыгынан эмес, психологиялык дараметинен да көз каранды. Ден соолук – бул ар бир адамдын гана байлыгы эмес, бүтүндөй коомдун байлыгы.

“Саламаттык бизге максаттарыбызды ишке ашырууга, негизги жашоо турмуштук маселелерди, кыйынчылыктардан өтүүгө мүмкүндүк берет. Учурда эл аралык эксперттердин изилдөөлөрүнө жараша 20-кылымда адамдын узак жашоосу 2,3%га жогорулаган. Бул биринчи кезекте коомдук саламаттыкты сактоо боюнча программаларды ишке киргизүүгө байланыштуу. Алардын ичине жол коопсуздугун сактоо, чылым, алкоголь ичүүнү кыскартуу, кумшекер, туз жана башка зыян алып келчү заттарды колдонууну кыскартуу аркылуу жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү кирет. Кыргызстанда саламаттык сактоо чөйрөсүндө негизги документ катары КРнын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө” аттуу программа негиз катары аткарылып келет. Ал программа 2030-жылга чейин жазылган. Ал документте биринчи кезекте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөөгө басым жасалган”, - деди ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдө негизги багыт катары сергек жашоо жана саламаттык сактоо системасы тарабынан алдыдагы коркунучтарды өз убагында таануу, тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, ашыкча салмактуулук, аз кыймылдоо сыяктуу факторлорду убагында аныктап, аларга каршы аракеттерди көрүү, деди.

Чечейбаев кабарлагандай, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата республиканын баардык аймактарында “Ден соолук баардыгы үчүн” аттуу чакырык астында калкта кызматтарды көрсөтүү бонча акциялар, флешмобдор, жөө жүрүштөр өтөт. Ар бир адам 10-апрелге чейин канындагы канттын көлөмүн, кан басымын жана гепатитке каршы текшерүүдөн өтүп, тиешелүү кеңештерди ала алат, деди.

Пикир

Оставить комментарий