• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинети тарабынан «Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.

Аталган документ салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган. Атап айтканда, алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу акциз салыгын санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү сунушталууда.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү натыйжага ээ болгон жана кийин акциздик маркаларды колдонуудан баш тартылган учурда, маркаланган акциздик продукцияны өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга акциздик маркаларды алууга жана колдонууга операциялык жана финансылык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинетинин аталган чечими төмөнкүлөргө багытталган:

- алкоголдук жана тамеки продукцияларын, же алардын таңгактарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдерин апробациялоо;

- санариптик акцизди киргизүү үчүн техникалык инфраструктураны даярдоо;

- идентификациялоо жолу менен милдеттүү маркировкаланууга тийиш болгон акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо боюнча ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Пикир

Оставить комментарий