• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Актилек-автодорожный» Көзөмөл өткөрүү пункту толук оңдолуп ишке берилди

Өкмөт 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 24-августта, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Актилек-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун толук модернизациядан өткөндөн кийинки ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөт мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек арадагы калкты тейлөө сапатын жогорулатуу, көзөмөл-өткөрүү пункттардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жаңылоо боюнча бир катар иштерди аткарууга жетишкенин баса белгиледи.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу бул иштер ЕврАзЭСтин талаптарына ыңгайлашуунун шарттарында заманбап болуп өзгөрүп жатканына токтолду.

Мухамметкалый Абулгазиев көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо ата мекендик ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу жаңыланган көзөмөл өткөрүү пунктун көрүп чыгып, административдик имаратындагы чек ара аркылуу өткөн жарандарга карата түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты.

«Актилек-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктун курууга 2016-жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттен 10 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Анын ишке кириши менен суткасына өтүүчү жөө жүргүнчүлөрдүн санын 10 миңге чейин ал эми транспорт каражаттарынын санын миңге чейин жеткирүүгө толук шарттар бар.

Пикир

Оставить комментарий