• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Активисттер коомчулукту коррупция менен күрөшүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Активисттер коомчулукту коррупция менен күрөшүүгө чакырат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук уюмунун Ош облусу боюнча координатору Жаркынбай Билбаев билдирди.

Анын айтымында,Кыргызстандагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири - жумушка орношуу.

"Балдар жакшы окушуп, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырып өз күчү менен өтүшөт. Бирок ага карабастан жумушка орношууда кыйналышат. Ал эми аткаминерлердин жана депутаттардын начар окуган балдары тааныш-билиш аркылуу, акчанын күчү менен каалаган жумуш ордуларына орношуп,эч бир жыйынтык көрсөтпөй иштешет. А биздин балдар башка өлкөлөрдө мигрант болуп иштөөгө аргасыз болушууда", - деди ал.

Ж.Билбаевдин кесиптеши Алмазбек Жазыбаев: "Тышкы карыздан уурулардын чөнтөгүнөн алып кутулуу керек. Алар уурдап алган мүлктөрүн кайтарып беришсин, андан соң жөнөкөй адамдардан акча суралсын. Ал эми кытайлык гранттын эсебинен оңдолуп жаткан жолдор боюнча көп суроо бар. Эмне себептен ал жолдорду өзүбүз курбайбыз? Бардык күнөөлүүлөр түрмөгө камалсын", - деп кошумчалады.

А.Жазыбаев коррупция менен күрөшүү маселесин алар 2011-жылы көтөрүшкөнүн, андан бери көп нерсе жакшы жакка өзгөргөнүн айтып, ошол себептүү бул көгөйдү кайрадан көтөрүп чыгышканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий