• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Жарандык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт жана активист тарабынан жабырлануучуларга келтирилген зыян төлөнүп берилди.

Эске салсак, жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Улан Жураев үй камагына чыгарылды. Ал Башкы прокуратура менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал эми Мелис Аспеков тергөө аяктаганга чейин СИЗОго камалды.

Улан Жураев күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылды.

Пикир

Оставить комментарий