• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Активисттер Жол коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте “Жолдогу коопсуздук” соцроликти тартуулашты

Коом 0


Бишкек, 11.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жаш активисттер Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте “Жолдогу коопсуздук” аталышындагы социалдык ролик тартуулашты.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө роликтин автору жана демилгечиси Жан Воиновдун айтымына караганда, долбоордун башкы максаты жол кыймылынын катышуучуларын жөнөкөй жол эрежелерин сактоого чакыруу.

“Акыркы жылдары жол кырсыктары көбөйүүдө. Бизге баары бир эмес жана биз жолдогу кырдаалды жакшыртууга өз салымыбызды кошкубуз келет. Ошондуктан биз мамлекеттик бюджеттен бир сом да албай, атайын ролик тарттык. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте тартылды”,-деп билдирди Воинов.

Ролик кыргыз жана орус тилдеринде тартылган. Кийинчерээк алар сыналгы аркылуу көрсөтүлүп жана өлкөнүн бардын кино театрларында көрсөтүлөт.

“Бул долбоордун үстүнөн бир ай мурда эле иштеп баштаганбыз. Кыйынчылыктар болду, бирок ИИМ тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлдү. Биз видео роликти “Таза коом” долбооруна арнадык. Себеби дегенде биз аны колдойбуз жана анын артында жаркын келечекте көрөбүз”,-деп кошумчалады Воинов.

Пикир

Оставить комментарий