• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз улуттук драма театрында КРнын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, күйөрмандары жана шаар тургундары катышты.

Жаркын Балыкбаева 77 жаш курагында оорудан улам каза болду.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген.

Ал КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Белгилей кетсек, Балыкбаева Сокулук районунун Жыламыш айылынан болот.

Ал "Айыл өкмөтү", "Боз салкын", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Белгисиз маршрут" тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Пикир

Оставить комментарий