• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Акун" компаниясы жумушчулары блокпосттордон өтө албагандыктан ун чыгарууну токтотту

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. "Акун" компаниясы бүгүн, 2-апрелден тарта "Акун" жана "Бишкек ун комбинаты" ишканаларында ун чыгарууну мажбур түрдө токтотту. Бул тууралуу компания социалдык тармактагы баракчасында жазган.

Компания билдиргендей, алардын тегирменинде унду чыгарууга жооптуу болгон жана кампаларда унду жүктөп иштеген жумушчулары блокпосттордон дагы бир ирет өткөрүлгөн эмес.

"Өткөрмө уруксат кагаздарын алуу үчүн баардык документтер бир жума мурда тапшырылганы менен өткөрмө кагаздары бериле элек, ал эми биз тапшырган документтер жоготулган. Андан тышкары, биздин кампалар кебектерге толуп, алар ундун ордун ээлегендиктен ун чыгаруу мүмкүн болбой калды", - деп жазат компания.

Компаниядан белгилешкендей, алардын ишканасынан чыккан кебектерди фермерлер малга жем катары сатып алып кетишчү. Бирок учурда алар блокпосттордон өтө албай жатышат.

"Кебекти сатып алуучу фермерлер блокпосттордон биздин кампаларга өткөрүлбөй жатат – алар кебектерди алып кетип ун үчүн орун бошотушчу. Өкмөттөн унду чыгарууга жооптуу болгон ишкананын кызматкерлерине жана кебекти сатып алган фермерлерге өткөрмө кагаздарын берүүнү өз көзөмөлүнө алууну суранабыз", - деп жазат компания.

Пикир

Оставить комментарий