• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Акун" компаниясынын кызматкерлери даяр болгон уруксат кагаздарын алып кеткен эмес – Бишкектин комендатурасы

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрель күнү "Акун" компаниясы, шаар аймагындагы блокпосттордон алардын кызматкерлери өтө албагандыктан "Акун" жана "Бишкек ун комбинаты" ишканаларында ун чыгаруу токтотулганын билдирген.

Ишкана, өткөрмө уруксат кагаздарын алуу үчүн баардык документтер бир жума мурда тапшырылганы менен өткөрмө кагаздары бериле электигин, ал эми алар тапшырган документтер жоготулганын айтышкан.

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын комендатурасы: "Буга чейин "Акун" ишканасына уруксат кагазы бир нече ирет берилген. 31-март күнү берилген арызга ылайык жаңы өткөрмө кагаздары даярдалган, бирок азыркы тапта уруксат кагаздарды эч ким келип, алып кеткен эмес", - деп билдирет.

Пикир

Оставить комментарий