• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы 1,5 млн сомдук кызматтык унаадан баш тартты

Коом 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Акыйкатчы Кубат Оторбаев 1 млн 577 миң сомдук кызматтык унаадан баш тартты.

Маалыматка ылайык, Оторбаев өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө максатында мындай кадамга барган.

Акыйкатчы Каржы министри Адылбек Касымалиевге жазган катында билдиргендей, ал бул каражатты республикадагы жардамга муктаж болгон балдар үйлөрүнүн керектөөсүнө берет.

Эске сала кетсек, Акыйкатчы аппараты 4-октябрда 1 миллион 576 миң сомго унаа алуу үчүн тендер жарыялаган. Жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий