• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы Абдрахматова ЕБнын өкүлүнө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Тажикстандын агрессиясы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Абдрахматова Евробиримдиктин атайын өкүлүнө 19-сентябрдан бери Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун бардык жабыркаган айылдарын кыдырып, 400дөн ашык жай тургундар (алардын көбү Тажикстандын аскердик агрессиясынан улам качууга аргасыз болгон аялдар) менен маектешкенин айтты.

"Тажикистанга жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болорун билдирүү менен бүткүл эл аралык демократиялык коомчулуктун артыкчылыктуу милдети болгон адам өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча эл аралык укук коргоо уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүүсүн суранды", - деп айтылат маалыматта

Акыйткачы 16-сентябрда алдын ала пландалган тажик аскер агрессиясынын адамгерчиликсиз чек ара айылдарынын тынч элин аткылоолорунун натыйжасында Кыргызстандын 60тан ашуун жараны, анын ичинде он беш жаштагы кыз каза болгонун, жабыркагандардын 20дан ашыгы жаш балдар, 20дайы аялдар экенин маалымдады.

Ошондой эле Абдрахматова 2022-жылдын тогуз айында эле Тажикстандын ар кандай куралдуу провокацияларынан улам карапайым калк үйлөрүн төртүнчү ирет таштап кетүүгө аргасыз болгондугун айтып, акыркы бир жылда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын ар кайсы тилкелеринде Тажикстан тарабынан 15тен ашык куралдуу чагымчыл аракеттер катталганын кошумчалады.

Маектешүү учурунда Акыйкатчы 2021-жылдын 21-апрелинде Баткен облусунда Тажикстандын агрессиясынын натыйжасында 36 жайкын тургун набыт болгонун, анын ичинде 12 жаштагы кыз жана 3 жашар бала болгонун эске салды.

Маектин соңунда Абдрахматова атайын өкүл Имон Гилмордон Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий