• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы аппараты өгөй апасы сабаган кызга жолукту

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта Акыйкатчы аппараты 3-чү балдар ооруканасына катуу сабалып түшкөн 9 жашар кызга барып жолугуп келди. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыз менен сүйлөшүү учурунда белгилүү болгондой, кыз мектепке барбайт. Анын денеси көгала, тытылган. Ким тарабынан сабалганын сураганда, ачка болуп үйдөн нан уурдап жегени үчүн өгөй энеси ур-тепкиге алганын айткан. Кыз киши менен сүйлөшүүдө ачык-айрым.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчисине кайрылган. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынан айтымында, кыздын үй-бүлөсү 3 ай мурун Маевка жаңы конушуна көчүп келген. Кыздын атасы, өгөй апасы, бир уялаш иниси жана эки аталаш сиңдиси бар. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өз энеси эки жыл мурун жоголуп кеткен, учурда ал издөөдө. Аламүдүн районунун жетекчисинин орун басарынын айтымында, аталган район миграциянын агымы чоң аймак болуп эсептелгендиктен, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдү каттоо жана көзөмөлгө алуу бир топ кыйынчылыкты жаратат", -деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда бул окуя ИИМдин жашы жете элек балдар инспекциясынын, Билим берүү министрилигинин ж.б. кызматкерлери чакырылган балдар иши боюнча комиссиясында каралат. Кароонун жыйынтыгында балдарды коргоо комиссиясы тарабынан чаралар колдонулат.

Бул окуя Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Акыйкатчы тарабынан ИИМге, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жашы жетелек балдар инспекциясынын жана өз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коркунучу астындагы балдарды учурунда аныктабаганы үчүн аймактык милициянын жоопкерчилигин кароо боюнча тийиштүү каттар жөнөтүлдү.

Ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын Балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоо жана жөнгө салуу үчүн Нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий