• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыйкатчы аппараты: Октябрь райондук сотунда жарандарга кош көңүл мамиле жасалат

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жарандарга кош көңүл мамиле жасалат. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунда сот отурумдарынын катышуучулары коридордо дубалга жөлөнүп тик турган учурлары көп. Анткени, аларга жетишерлик санда отургучтар каралган эмес. Натыйжада улгайган адамдар да сот отуруму башталганга чейин отурарга орундук табышпайт. Сотко келүүчүлөргө түзүлгөн шарт үч эле орундук коюу менен чектелген.

Ушуга байланыштуу КР Акыйкатчы аппараты КР Сот департаментине кайрылып, анда республиканын бардык сотторунда, анын ичинде Октябрь райондук сотунда келүүчүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүү сунушун жолдоду.

Эске салсак, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери КР жарандарынын кайрылуулары боюнча республиканын бардык инстанциялардагы сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт, арыз ээлерине укуктук консультацияларды беришет жана процессуалдык кодексте каралган ченемдердин бузулууларына өзгөчө көңүл бурушат.

Пикир

Оставить комментарий