• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыйкатчы аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Акыйкатчы аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, күн мурун, 2-ноябрда Аскат Азарбеков Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси болуп дайындалган. Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырган.

Ошондой эле Акыйкатчынын башка буйругу менен 1981-жылы туулган Руслан Озубеков Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Жыйынтыктап талдоо жана көзөмөлдөө, алдын ала божомолдоо (прогноздоо) бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Токон Мамытов жаңы дайындалган эки жетекчини куттуктап, аларга Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо жаатында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий