• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери өгөй атасы сабаган балдардын абалын билип келди

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Массалык маалымат каражаттарында Чүй облусунун Сокулук районунда аялын жана анын балдарын сабаган өгөй ата боюнча маалымат чыгар замат Акыйкатчынын тапшырмасы менен Чүй облусунун өкүлү Теңизбаева Э.Б. Сокулуктун аймактык ооруканасына барып бейтаптар менен жолугуп келди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Балдардын энеси менен маектешүүдө маалым болгондой, ал Ош облусунун Аксы районунда 1994-жылы төрөлгөн. Анын А аттуу уулу 5 жашта, Н аттуу уулу 2 жашта. Балдарынын өз атасы Россияда. Өзү эки баласы менен Сокулукта квартира ижарага алып жашайт. 1982-жылы туулган жарандык күйөөсү курулушта иштейт, спирт ичимдигине жакын. Мындан жарым жыл мурун дагы ал аялын, өгөй балдарын сабаган экен, бирок аял укук коргоо органына кайрылган эмес. Аялдын айтымында жарандык күйөөсүнүн 4 баласы бар экенин жакында билген.

Ошондой эле маектешүү учурунда аялдын паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени билинди. Колунда эч кандай документ жок болгондуктан балдарынан атасынан алимент алуу мүмкүнчүлүгү жок, жада калса кандай алимент кестирип алуу үчүн кандай документ тапшыруу керектигин билбейт.

Азыркы маалда өгөй ата Сокулуктун убактылуу кармоочу изоляторунда отурат, экспертиза жүргүзүлүп, иликтөө иштери улантылып жатат.

“Акыйкатчынын пикиринде мындай окуялардын улам кайталанышы Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, аймактык милиция, социалдык коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары өзүнүн милдеттерин так аткарбай жатканын улам болуп жатат. Ар бир аймактык милиция өз айылындагы спирт ичимдигин көп колдонгон адамдарды тизмекке алып, алар менен профилактикалык иштерди жүргүзүп, социалдык коргоо кызматкерлери турмуш-шарты начар, ата-энеси көп ичкен балдарды тизмекке алып, дайыма көзөмөлдөшү керек болчу. Ал эми жергиликтүү бийлик алардын үстүнөн көзөмөл кылып, талапты катуу коюш керек эле”,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Акыйкатчы аппараты Ички иштер министрлигине, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине, Чүй облусунун губернаторуна ушул сыяктуу үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулук окуяларынын кайталанбашына тиешелүү чараларды жүргүзүү сунушу менен кат жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий