• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери социалдык стационардык жана психиатриялык мекемелерде, ошондой эле Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын жардамы менен уюштурулду.

Бекитилген маршрутка ылайык кызматкерлер 2021-жылдын 22-25-ноябрына чейин Ысык-Көл облусунун төмөнкү мекемелеринде болушту:

- Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси;

- Каракол балдар үйү;

- «Мээрим булагы» балдар үйү;

- Чолпон-Ата шаарындагы №44 жатак-колониясы;

- Балыкчы шаарындагы №51 жатак-колониясы.

Ал эми Жалал-Абад облусунда кызматкерлер төмөнкү мекемелерге барышты:

- Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жалпы типтеги Сузак социалдык стационардык мекемеси;

- Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жалал-Абад шаардык «Ак-Жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борбору;

- Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изолятору;

- Жалал-Абад облустук психикалык ден соолук борбору;

- Республикалык «Кызыл-Жар» психиатриялык ооруканасы.

Кызматкерлер бул мекемелердеги адамдарды кармоочу жайларга кылдат көзөмөл жүргүзүштү. Алар ошондой эле бул мекемелердин башка көмөкчү жана тиричилик бөлмөлөрүн (керебеттер, эмеректер, гигиеналык каражаттар, тамак-аш ж.б.) карап чыгышты.

Мониторингдин жүрүшүндө бул жерде кармалган адамдар менен да, мекеме жетекчилери менен да маектешүү жүргүзүлдү. Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери тарабынан аталган мекемелердеги адамдарга алардын укуктары, ошондой эле ченемдик укуктук актыларда бекитилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө маалымат берилди.

Моинторингдин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле аныкталган көйгөйлөр жана адам укуктарынын бузулушу боюнча КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тиешелүү мамлекеттик органдарга социалдык-стационардык мекемелерде, психиатриялык мекемелерге жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кармалган адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын эл аралык жана улуттук укуктук ченемдерде каралган стандарттарга ылайык камсыз кылуу боюнча сунуштарды берет.

Пикир

Оставить комментарий