• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери добуш берүүгө мониторинг жүргүзүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана облустук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери КР Жогорку Кеңешине шайлоодо добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Мониторингдин максаты - шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан КР мыйзамдарын сактоосу, КР жарандарынын шайлоо жана шайлануу укуктарын жүзөгө ашыруу, элдин саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо жана коронавирус инфекциясынан коргоо боюнча ченемдердин сакталышы болуп саналат.

Ошондой эле, КР Акыйкатчы аппаратында ыкчам аракеттенүү тобу иштеп жатат, зарыл болгон учурда алар жерине дароо барып, тиешелүү иштерди жүргүзүшөт.

КР Акыйкатчы институту шайлоо мыйзамдарынын ар кандай бузулуулары тууралуу 115 кыска номерлүү ыкчам байланышына чалып коюуну суранат. 115 кызматына уюлдук байланыш номерлеринен жана стационардык номерлерден чалуу акысыз. Ошондой эле ombudsman.kg сайтында көрсөтүлгөн номерлер боюнча түздөн-түз борбордук аппаратка жана облустук өкүлчүлүктөргө чалып кайрылууга болот.

Акыйкатчы институтунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет түзүлөт, андан кийин ал тиешелүү сунуштар менен КР министрлер кабинетине жана БШКга берилет.

КР Акыйкатчы аппараты тарабынан мониторинг жүргүзүүдө шайлоо процессинин бардык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул максатта КР Акыйкатчы аппараты менен Борбордук Азиядагы CASCADD стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору биргеликте 70 суроодон турган сурамжылоо барагы мамлекеттик жана расмий тилдерде иштелип чыккан. Сурамжылоонун жыйынтыктарын иштеп чыккандан кийин респонденттер көйгөйлүү деп белгилеген аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий