• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн III баскычын баштады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) борбордук аппаратынын жана бардык облустардагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн III баскычын баштады. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, биринчи баскыч – 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштерине мониторинг жүргүзүлдү.

Экинчи баскыч - добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг 2021-жылдын 27-28-ноябрында өткөрүлдү. Байкоо жүргүзүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы 45 жана республиканын аймактарындагы 19 шайлоо участкасы камтылды.

Шайлоодон кийинки процесске мониторинг бүгүн, 29-ноябрда башталып, 5-декабрга чейин уланат.

КР Акыйкатчы институту жарандарды шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурда Акыйкатчы институтунун “115 ыкчам байланыш” телефонуна билдирүүнү (бул номерге чалуулар каалаган уюлдук жана стационардык байланыш операторлорунан бекер), ошондой эле КР Акыйкатчысынын www.ombudsman.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыш номерлер же даректер аркылуу борбордук аппаратка жана бардык региондук өкүлчүлүктөрүнө түз кайрылышса болорун маалымдайт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту тиешелүү отчётту даярдайт, андан кийин ал тиешелүү сунуштар менен КР министрлер кабинетине жана БШКга берилет.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык аспектилерине көңүл бурулат. Бул үчүн КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты Борбордук Азиядагы CASCADD стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте мамлекеттик жана расмий тилдерде атайын анкета иштеп чыкты.

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту бардык каалоочуларды төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтурууну суранат:

Кыргыз тилинде, орус тилинде.

Пикир

Оставить комментарий