• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыйкатчы аппаратынын мурдагы кызматкери Атыр Абдрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнөт

Коом 0


Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Акыйкатчынын (Омбудсмен) борбордук аппаратынын мурдагы кызматкери Азим Акматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жалпы жамааттын атынан акыйкатчы Атыр Абдрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнүп, билдирүү жасады.

Анын айтымына таянсак, Абдрахматованын акыйкатчы кызматына келиши менен эмгек жамааттын арасында жагымсыз маанай орун алып, бул өз кезегинде өлкөнүн башкы укук коргоо органынын ишине терс таасирин тийгизүүдө.

“Биздин кайрылуубузду саясатташтырбаңызды суранабыз. Акыйкатчы институттун ички иштери боюнча гана кайрылуу жасап жатабыз. Жетекчи Атыр Абдрахматова кызматка келгендер бери жумушка өз убагында келген жок, түштөн кийин келет. Өзү кеч келип, арыздарды карап жатып, кечки саат 9-11лерге чейин отура берет. Эртең менен келген кызматкерлерди дагы жумуштан кое бербей кармап отурат. Акыйкатчынын орун басары бүгүнкү күнгө чейин жок: талапкерди өзү көрсөтпөйт же сунушталган кишини өткөрбөйт. Азыр бир эле орун басары иштеп жатканы менен ага документтерге кол койдурбай, арыздарды караттырбайт. Абдрахматованын жылдык баяндамасы парламенттен өтпөй калды, эми мыйзам боюнча жөн эле отурган орун басары дагы кызматтан кетиши керек. Ал 20 жылдан бери иштеп келген мыкты кызматкер”, - дейт ал.

Акматов Абдрахматова ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланып келгенин белгилеп өттү.

“Институттун кызматкерлери Башкы прокуратурга кайрылышкан. Бирок кайрылуу каралган эмес. Ал эми айтылып жаткан Башкы прокуратуранын эки жолку текшерүүсү, ал жарандардан келген арыздардын канчасы каралып-каралбаганы боюнча жыл сайын өтүүчү текшерүүсү. Ведомство аралык текшерүүнүн жүрүшүндө кадрдык бузуулар: мыйзамсыз кызматтан алуу, басым болгону айтылган. Ал учурда Абдрахматова башкы прокурорго ведомство аралык комиссияга каршы арыз менен кайрылган. Анан комиссиянын ар бир мүчөсүн Башкы прокуратурага чакырышып, “эмнеге антип жазып койдуңар, ким жаз деди?” деп сураган”, - деп айтат Акматов.

Кызматтан алынып, учурда соттошуп жаткан Нуржан Бообеков бир ай ичинде 30дан ашык кызматкер иштен алынганын айтты.

“Кызматтан кеткенден кийин алар Жогорку Кеңешке кайрылуу жасаган. Ошол маалда институтта иштеп жаткан кызматкерлердин ичинен бир гана мен кол койгондуктан, мага дагы басым күчөп, мени да кызматтан алды”, - дейт Бообеков.

Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахманованын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык отчетун кабыл алган эмес.

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө" мыйзамдын №7-беренесине ылайык, акыйкатчынын жылдык отчету Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылбаса, омбудсмендин жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий