• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси туугандары Сирияда жүргөн жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-декабрында КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери туугандары Сирияда жүргөн жарандардын тобун кабыл алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан билдиришти.

Арыз ээлери Ирактагы лагерлерден жашы жете элек балдардын кайтып келишине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Арыз ээлеринин айтымында, учурда Сирияда 130дан ашык аял жана 400гө жакын жашы жете элек балдар бар. Жолугушууда арыз ээлери Сириядан жакындарын кайтарууга ар тараптан колдоо көрсөтүүнү суранышты. Ошондой эле туугандары Сирияда жүргөн жарандардын тобу КР президенти С.Жапаров жана УКМКнын төрагасы К.Ташиев менен жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

КР Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси арыз ээлерине КР Акыйкатчысы гана президенттин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин токтоосуз кабыл алуусуна ыйгарым укуктуу экенин түшүндүрдү. Учурда Акыйкатчы (Омбудсмени) жок экендигине карабастан, Омбудсмен аппараты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкагында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Арыз ээлери тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча Акыйкатчы аппараты КР президенти С.Жапаровдун наамына кайрылып, жакындары Сирияда жүргөн жарандардын тобун, ошондой эле “Протяни руку помощи” коомдук-кайрымдуулук фондунун ата-энелер комитетинин өкүлдөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кат жөнөттү.

Ошондой эле Акыйкатчы институту ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольмго кат жолдоду.

Бул маселе КР Акыйкатчысынын аппаратынын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий