• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыйкатчы БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Акыйкатчы Токон Мамытов БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев жана БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын координатору Жыпара Ракишева менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Жолугушууда Акыйкатчы институтунун ишмердиги жана БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин ишиндеги маалыматтар менен алмашуу болгон. Ошондой эле анын ишине Акыйкатчы аппаратынын катышуусу мүмкүн болгон БУУнун программалык кеңсесинин долбоорлору да талкууланды.

"Жолугушуунун аягында тараптар КР Омбудсмен институту менен БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн беш багытын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишишти: Кыргызстандын жарандарынын сот адилеттигине эркин жетүү маселесинде, адам сатуу жана мыйзамсыз миграция маселелеринде, терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон адамдар менен укуктук иштер чөйрөсүндө, кыргызстандыктардын кепилденген юридикалык жардам менен камсыздоо маселелеринде, КР аймагында кесипкөй соттук экспертиза жүргүзүүгө байланышкан маселелеринде кызматташуу зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий