• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыйкатчы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.02.21 /Кабар/. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Акыйкатчыга курч көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен келишкен.

Тактап айтканда, алар мамлекеттен турак жайларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала албай, ошондой эле оорулуу балдарына дары-дармектерди арзандатылган баада сатып ала албай кыйналып жаткандарын айтып даттанышты. Мисалы, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеген же артта калган балдарга керектүү дары-дармектер өтө кымбат. Мындан тышкары, алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майыптыгы үчүн текшерүүдөн эки жыл сайын өтүшү керек болгон талаптарга нааразы экендигин билдиришти, себеби бул ири каржылык чыгымдарды талап кылат (УҮИ, рентгенография, атайын адистердин консультациялары ж.б.).

Ошондой эле алар балдарын атайын мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине жайгаштыруу өтө кыйын болуп жаткандыгына нааразы болушту, анткени алардагы орундардын саны өтө эле чектелүү, а түгүл акыл-эс бузулуулары жана патологиясы бар балдар үчүн мектепке чейинки балдар мекемелеринде, тиешелүү адистердин - дефектологдордун, логопеддердин, психологдордун жана психиатрлардын саны жетишсиз. Бирок кеп акыл-эс бузулуулары бар балдар жөнүндө гана эмес, бул жерде угуусу жана көрүүсү начар балдарды, ошондой эле сүйлөө функциясы начар өнүккөндөрдү (дүлөй/дудук) дагы эске алуу керек.

Акыйкатчынын пикиринде, 2019-жылы Кыргызстан ратификациялаган БУУнун "Майыптардын укуктары жөнүндө" конвенциясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. 2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 181 миң 400 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын 29 миң 900ү балдар.

“Ушул Конвенцияны ратификациялап, Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эл аралык стандарттардын минималдуу ченемдерине жооп берген шарттарды камсыз кылууга милдеттенме алган. Өкмөт бул көйгөйлөрдү карап чыгып, чечиши керек”, - деди Акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий