• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыйкатчы үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуда атайын чараларды иштеп чыгууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. КР акыйкатчысы Токон Мамытов өлкөдө аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун көбөйгөндүгүнө тынчсызданат. Бул тууралуу КР акыйкатчысынын аппаратынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамытов вице-премьер-министр -Адамдардын укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин төрагасы Жеңиш Разаковго кайрылып, Кеңештин кезексиз отурумунда аялдардын укугун коргоо маселесин кароону сунуштады.

“Сизге белгилүү болгондой, Баткен менен Нарын облустарында акыркы күндөрдө болгон окуялар бардык элдин үрөйүн учурду. Бул окуяларда аялдар жабыркап, өмүр менен кош айтышты.

Өлкөдө аялдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Анткени, зомбулук азыркы учурга чейин кадимки көрүнүш болуп саналып келүүдө.

Айрым айымдар ур-токмок, мазактоо жана башка зомбулукка чыдап, аягы өлүм менен аяктоодо.

Ушул айтылгандын бардыгын эске алуу менен жакынкы күндөрдө Адамдардын укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин кезексиз отурумун өткөрүп жана ал жерде аялдардын укугун коргоо маселесин карап жана үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюу үчүн чараларды иштеп чыгууну суранабыз”, - деп айтылат акыйкатчынын кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий