• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыйкатчы институ: Азыркы учурда болжол менен 1 млн калк таза суу менен камсыздалбаган

Коом 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Акыйкатчы институту тарабынан даярдалган атайын докладда Кыргызстандагы ичүүчү таза суу жана анын санитардык абалы жөнүндөгү кенен маалыматтар камтылып, ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдарга сунуштамалар берилген.

КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, докладдагы изилдөөлөр жана сунуштамалар жарандар ичүүчү таза суу менен камсыз болуу Конституциялык укугунун бузулушун коргоого багытталган.

"Доклад аталган курч маселеге мамлекеттик органдардын көнүлүн бурдуртуу үчүн гана эмес, аны системалуу жана ырааттуу чечилиши үчүн даярдалды. Атап айтканда, Кыргызстан Орто Азия аймагындагы суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн ичине киргендигине карабастан, азыркы учурда болжол менен 1 млн. калк таза суу менен камсыз болбогондугу баса белгиленет. Кыргызстанда таза суу менен камсыз кылуу азыркы абалы жакшы деп айтууга болбойт.

Колхоздор жана совхоздор жоюлгандан кийин, айыл ичиндеги таза суу системасы 10 жылдан ашуун убакыт ээсиз калып, ал кырдаал бара-бара техникалык абалдын начарлашына алып келип, кийин республиканын көпчүлүк айылдарында таза суунун чыгышы токтоп калган. Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында калктуу конуштардын саны - 1891. Анын ичинде айыл-кыштактар - 1805. Алардын ичинен 725 айыл-кыштактар (38%) борборлошкон суу менен системасына кошулууга толук мүмкүнчүлүгү жок, ал эми 400 ашуун (22%) айыл-кыштактарда таптакыр эле суутүтүк тарамы жок болгондуктан, булактардан суу алууга аргасыз, 267 (14%) айыл-кыштактар өткөн кылымдагы, 60-жылы курулган эски суутүтүктөрүн колдонуп келишет. Ошондой эле 396 (21%) айыл-кыштактарда суутүтүктөрү таптакыр жок.

КРнын Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ичүүчү суу менен жана санитардык кызматтар менен калкты камсыздоо багытындагы азыркы кризистин булагы мында жатат деп жыйынтык чыгарууга болот: Кыргызстандын ченемдик укуктук базанынын жеткиликтүү эместиги; Республикасынын мыйзамдарындагы чоң кемчиликтер; калктын жакырдыгы; коомдук жана экономикалык көйгөйлөрдү татаалдаштырган теңчиликсиз жана тең укуксуз мүмкүнчүлүктөрдө – урбанизациянын тездешинде, климаттын өзгөрүүсү, айлана-чөйрөнүн булганышынын өсүшү жана суу ресурстарынын азайышы. Ошентсе да калкты ичүүчү таза менен камсыз кылуу маселеси жөнгө салынат деген ишеничтебиз. Ал үчүн бул чөйрөдө заманбап талаптарга толук жооп бере турган жана коомдун улуттук кызыкчылыктарын эске алган жакшыжана ылайыкташтырылган мыйзам зарыл.

Мындан тышкары, ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана санитардык кызматтарга болгон калктын жеткиликтүүлүгү адамдын конституциялык укуктарын коргоонун контекстинде каралышы керек. Жана мындай тапшырмалардын жүзөгө ашуусу үчүн эл аралык уюмдар тарабынан Кыргызстанга чоң каражаттар бөлүнүп жатат. Демек, 2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын таза суу менен камсыздоо жана агынды суулардан арылууну өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программага ылайык,республиканын 425 айылында суу менен камсыздоо системасын куруу жана калыбына келтирүү үчүн дээрлик 6,9 млрд.сом бөлүнгөн, ал эми 27райондук борбордоагынды суулар тутумун курууга - 1,6 млрд сом каралган.

Бул программа эгемен Кыргызстандын тарыхында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө багытталган биринчи документ болуп калды. Айыл жерлеринде жашагандарга суу менен камсыз кылуу чөйрөсүндө сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн керектелген жалпы сумма 20 миллиард. сом (333,9 миллион АКШ доллары). Белгилеп коюучу жагдай, акыркы он жылда эл аралык донор уюмдар Кыргыз Республикасында суу менен камсыз кылуу системасын калыбына келтирүү боюнча аз эмес каражат которушкан, бирок көйгөйлөр дагы деле чечилбеген бойдон калууда. Жок эле дегенде, жетиштүү деңгээлде эмес. КР Башкы прокуратурасы тарабынан берилген маалымат боюнча алсак, "Таза-Суу" долбоору ишке киргенден тартып прокуратура органдары тарабынан бир катар текшерүүлөр жүргөн, натыйжада 3 ирет каршылык болгон, 21 өкүм чыккан, ченемдик укуктук актты бузуулардан четтетүү үчүн 10 буйрук, мыйзам бузууларга жол бербөөгө 10 эскертүү жасалган. Мындан тышкары, акча каражатын максатсыз пайдалануу фактысы боюнча 26 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 19у тергөөнүн аякташына байланыштуу тиешелүү соттук чечимдердин чыгуусу үчүн сотко жиберилген.

Ошондой эле, иликтөө учурунда белгиленген кылмыш-жаза мыйзамына байланыштуу жагдайда 4 кылмыш иши (анын ичинен экөө акталбагандыгы, экөө акталгандыгы туурасындагы негиздер боюнча) токтотулган, экөө (бирөө сот тарабынан, бирөө тергөөдө) токтотулган жана азыркы учурда бир кылмыш иши тергөөдө.

Мамлекетке кайтарылган, кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын суммасы 6.372.251 сомду түздү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, бюджеттик каражаттын көп бөлүгү натыйжасыз колдонулган, ушуга байланыштуу курулган жана оңдоодон өткөн суу менен камсыз кылуучу системалар жарактан чыгып, суу колдонуучулардын ар кайсыл инстанциялардын дарегине багытталган нааразычылыктарын жана даттанууларын жаратууда. Жакында Акыйкатчы институту ичүүчү сууга болгон жарандардын укуктарын алдыга жылдыруу максатында Атайын отчет боюнча коомдук жана парламенттик угууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө",- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий