• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы институту балдарды уруу фактысы катталган “Имам Аьзам” медресесин текшерди

Коом 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Баткен облусунун Кадамжай районунун Карадөбө айылындагы “Имам-Аьзам” медресесинде окуп жаткан балдар мугалимдери тарабынан сабалышы боюнча маалыматтар ЖМКларга жарыяланган. Акыйкатчы институтунун басма с кызматы билдиргендей, бул окуяны Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алган.

Жакында КРнын Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу аталган медресеге барып текшерүү жүргүздү.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө ал жерде 10 бала окуп жатканы аныкталды. Бир жатаканада 10 керебет бар, ичи жылуу. Бир жатаканасы ашкана катары пайдаланылат. Бир окуу залы бар. Балдар эртең менен жакын жердеги мектепке барып, окуу программасы боюнча мектептеги сабактарды окушуп, түштөн кийин медресеге келип билим алышат.

Ал жерде окуп жаткан балдар менен жолугуп сүйлөшкөн учурда аларга карата эч кандай зордук -зомбулук аракеттер болбогонун билдиришти. Балдар медресесинде 6 жыл окуп диплом алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Баткен өкүлчүлүгү балдар медресесин текшерген соң, ошол жерден көп алыс эмес “Имам-Аьзам” атындагы кыздар медресесинде болду. Кыздар медресесине жалпы 70 кыз окуйт, алардын экөө – өзбек улутундагылар. Алты жатакана бар. Ар биринде 14 керебет, эки жатаканага гана 22 керебет коюлган. Бир жүк коюучу бөлмө бар, сабак окуй турган класстар, ашкана, мончо, туалет жана тигүүчү бөлмө бар. Кыздар бош убакта тигүүчүлүк менен алектенишет. Тигүү машинелерин бейөкмөт уюмдар алып берип, тигүүчүлүккө окутуп, сертификатты алып беришкен.

Басма сөз кызматы билдиргендей, кыздар медресесине 9 жана 11-классты бүтүп келген окуучуларды аттестат менен кабыл алышат. Окуу Муфтияттан бекитилген иш планы менен жүргүзүлөт. Кыздар медресесинде 4 жыл окушат, диний сабактар менен бирге: кыргыз тили, информатика,дене тарбия, кол эмгек, лекция жана Кыргызстан тарыхы сабактары окулат. Бирок азыркы учурда Кыргызстан тарыхы сабагынан адис жок өтүлбөй жатканы айтылды. Сабактардын жадыбалы бар. 6 күн окуу, жекшемби күнү дем алышат. Окутуу кыргыз жана араб тилинде жүргүзүлөт.

“Айына балдар, кыздар 2000 сомдон акча төлөшөт. Жайкы каникул убагында мектеп окучулары учун Баткен казыятынын жана айыл аймак өкмөтүнүн уруксаты менен диний курстар өтүлөт жана сертификат берилет.

Ар бирине телефон көтөргөнгө уруксат жок болгондуктан (бирок сүйлөшүүнү каалагандар үчүн жалпы окууучулар үчүн медресенин бир телефону иштейт), балдар-кыздар зордук-зомбулук көргөн учурда аны убагында ачыкка чыгара албай калышы мүмкүн болгондуктан, Акыйкатчы институту зордук-зомбулукту алдын-алуу үчүн мамлекеттик органдар: Кыйноолорго каршы аракеттер боюнча улуттук борборго, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Билим берүү жана илим министрлигине медресеге арыз-даттануулар кутучасын орнотуу боюнча сунушун киргизет”, - деп белгиленет билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий