• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыйкатчы Институту чек арадагы окуяны иликтеп баштады

Коом 0

Бишкек, 09.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Акыйкатчы институнунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяны иликтөөнү баштады.

Институттун басма сөз кызматы билдиргендей, Акыйкатчынын кызматкерлери 8-апрелде Аксы районунда болушту.

“КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Таалай Кожошевдин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 7-апрель күнү эртең менен саат 7:30да Кербен шаарынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстан Республикасында жашаган апасынын сиңдиси (тая эжеси) Дилорам Бекиеванын үйүнө барып, артка кайткан. Ал учун Ф.Мырзакалыков арыктан аттап барып (бул арык шарттуу түрдө кыргыз-өзбек чек арасы катары саналат), саат 8:10до кайра үйүнө жөнөп, Кыргызстандын аймагына өткөндө Өзбекстандын чек ара аскерлери жашынып турган жеринен артынан кууп келишип, бир аскери Кыргызстанга өтүп, Ф.Мырзакалыковду өздөрүнүн аймагына сүйрөйт. Ф.Мырзакалыков ал жакка өтпөй койгондо, Өзбекстандын чек арачысы Кыргызстандын аймагынан ок чыгарат. Ок Фархад Мырзакалыковдун башына (мурдуна) тийгендиктен ал ошол эле жерден каза болгон.

Өзбекстандын чек ара кызматкери Ф.Мырзакалыковдун сөөгүн Өзбекстандын аймагы тарапка сүйрөп бараткан жеринен эжеси Дилорам көрүп калып, элге жардам сурап кыйкырат. Кыргызстандын айылынан жумушка кетип бараткан эки адам жардамга келишет. Аларды да Өзбекстандын чек ара кызматкерлери “Кыймылдасаңар атам!” –деп коркуткан. Өзбекстан тарапта да, Кыргызстан тарапта жергиликтүү айылдын элдери топтошуп калгандан кийин гана башында жардамга келген адамдын машинеси менен Фархадды ооруканага алып барууга мүмкүнчүлүк болот.

Окуя болгондон кийин Өзбекстандын Янги-Курган чек ара отрядынын башчысы Шавкат Мирзоабдуллаев менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы Кожошев Таалай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгон. Таалай Кожошев сүйлөшүү маалында бул окуя биринчи эместигин, 2010-жылы 6-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери Жапаров менен Мирзоев “Куралды өзгөчө учурларда гана колдонуу” боюнча макулдашууга келишип, кол коюшканын айтып, Өзбекстан тарап ал макулдашууну бузганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүнө Т.Кожошев окуя болгон жерден 2 гильза жана атылбаган бир ок табылганын, учурда Өзбекстан республикасынын Наманган вилоятында өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, болгон окуя боюнча Аксы РИИБу тарабынан 33-18-5тарабынан 33-18-50 сандуу КР Кылмыш жазык кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, ушул жылдын 5- февралында Өзбекстан Республикасынын чек арачылары ушул эле Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын жашоочусу Асан Усөнбаевди дагы Кыргызстандын аймагында атып, ал октон жарадар болгон. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Асан Усөнбаев дарыланып жаткан ооруканага барып жолугуп, маалымат топтогон. Бул ишти кылдат иликтеп, Өзбекстандын чек ара кызматкерин мыйзам алкагында жазалоого жетишүүнү А.Усөнбаевге компенсация төлөп, көмөк көрсөтүүнү сурап Акыйкатчы Кубат Оторбаев КРнын Президентине, КРнын Премьер-министрине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон. Натыйжада бул иш Президент Аппаратынын жана Премьер-министрдин көзөмөлүно алынганы маалымдалган.

2018-жылдын 6-февралында Ала-Бука районунун ИИБ тарабынан Озбекстандын чек арачылары тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны боюнча КР Кылмыш кодексинин 346-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү»), 123-беренеси ("Адам уурдоо»), 28-97-беренеси ("Адам өмүрүнө кол салуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Акыйкатчы Кубат Оторбаев денесинен оор жаракат алган А.Усөнбаевге компенсация төлөнө электигин, аны аткан Өзбекстандын чек арачысы кандай жаза алганы тууралуу маалыматтын жоктугун, тилекке каршы, чек арадагы мындай аракеттер тынч күндөрдө адам өлүмүнө алып келип жатканын белгилейт. Бул эки иш тең Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө”, - деп айтылат Акыйкатчынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий