• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы институту: Жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен таппай жатышат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./Кабар/. Жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен таппай жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы №6053 шайлоо тилкесинде №2 форма боюнча 353 адам каттоодон өткөн. Бирок 16 адам өздөрүн шайлоочулар тизмесинен таба алышкан эмес. Алардын ар бири УШКнын төрагасынын атына арыз жазышкан.

Ошондой эле, Токмокто жашаган 2 жаран өздөрүн №7071 шайлоо тилкесиндеги тизмеден таба алышкан эмес. Бирок шайлоо тилкесинен аларга Бишкекте добуш бере тургандыктарын айтышкан. Мурда алар эч кандай №2 формасын толтурушкан эмес.

Аталган маселе боюнча жарандар УШКнын төрагасынын атына арыз жазышып, тийиштүү чара колдонуусун өтүнүшкөн.

Ошол эле шайлоо тилкесинде так ошондой кырдаал катталган. Токмокто дайыма жашап келген С.Э., аттуу жаран мурда Бишкекте добуш берүү үчүн №2 формасын толтурган. Бирок ал шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келгенде шайлоочулар тизмесинен табылбай, кайрадан Токмок шаарына жөнөтүшкөн. Бирок ал жакта да тизмеде жок болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий