• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы институтунда адам укуктарын чагылдыруу үчүн видеостудия ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Акыйкатчы институтунда адам укуктарын чагылдыруу үчүн видеостудия ачылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, укуктук колдоо, маалымат, ошондой эле адам жана жарандардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча ыкчам жана алдын алуу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталган видеостудия БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосунда ачылды.

Видеостудияда Кыргызстандын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери, ошондой эле институттун ишмердүүлүгү боюнча көрсөтүүлөрдүн циклдери даярдалат да, андан соң алар өнөктөш телеканалдарда, институттун сайтында жана социалдык тармактарда жайгаштырылат. Бул Акыйкатчы институту менен жарандардын ортосундагы эки тараптуу байланыштын натыйжалуулугун арттырат.

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова колдоо көрсөткөнү үчүн БУУӨПкө ыраазычылык билдирип, ар бир жарандын адам укуктары боюнча маалыматка жетүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

“Маалыматтуу – демек куралдуу”, башкача айтканда, Акыйкатчы институту ушул студия аркылуу өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде укук маселелерин активдүү чагылдыра алат. Баса белгилей кетчү нерсе, адам укуктары бузулган, же ушул жаатта илимий изилдөө жүргүзгөн жарандар “Акыйкат үнү” видеостудиясын акысыз, белгиленген тартиптин негизинде колдоно алышат. Видеостудия Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абалды жакшыртууга жардам берет деп ишенем”, - деди ал.

БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Атыр Абдрахматованы КР Акыйкатчысы кызматына дайындалышы менен Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана анын маанилүү ишинде ага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Адам укуктары боюнча көз карандысыз улуттук институт катары түзүлгөндөн бери БУУӨП Акыйкатчы институту менен адам укуктары боюнча улуттук күн тартибин илгерилетүү үчүн кызматташып келе жатат.

Жарандык билим берүүнү жана укуктук мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү үчүн коомчулуктун жеткиликтүүлүгүнүн жана маалымат эркиндигинин маанилүүлүгүн моюнга алуу менен, муну биз азыр 40тан ашуун өлкөдө жасап жаткандай эле, 2030 күн тартибинде белгиленгендей, адам укуктары улуттук туруктуу өнүгүүнүн өзөгү болушун камсыз кылуу үчүн БУУӨП улуттук адам укуктары институттарына көмөк көрсөтүүнү уланта берет деп ишендирүүгө уруксат этиңиздер”.

Кыргызстандагы БУУӨП Конституцияда кепилденген адам укуктары менен эркиндиктерин жана Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди коргоого багытталган юридикалык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында Акыйкатчы институту менен активдүү кызматташууда. 2021-жылы «Акыйкатчы-бот 115» Telegram мессенджери ишке киргизилди, ал аркылуу өлкөнүн тургундары Акыйкатчыга эң көп берилген суроолор боюнча маалымат алып, өздөрүнүн кайрылууларын онлайн түрүндө калтыра алышат.

Пикир

Оставить комментарий