• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыйкатчы институтунун “115” кызматына дээрлик 7,5 миң кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. 2018-жылда Акыйкатчы институтунун “115” сурап-билүү кызматы 7 миң 444 чалууну иштеп чыккан. Анын ичинен 3 миң 466 үн билдирүүсү, 1 миң 911 телефон чалуу, окуянын артынан түшүү үчүн 2 миң 067 адамга кайра чалынган. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы PRI Эл аралык түрмө реформасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылган 2 миң 465 адамга укуктук кеңеш берилген. Ар кандай маселелер боюнча 36 арыз акыйкатчынын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө кароого жиберилген. Анын ичинен мектеп рэкетчилиги боюнча 9, балага камкордук боюнча 2, алименттер боюнча 1, сотко катышуу 2, калган социалдык маселелер 6 жана КРнын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринен 16 арыз түшкөн.

“115” сурап-билүү кызматы ар кандай жардам көрсөтөт. Керек болгон учурда кызматкерлер тиешелүү органдар менен бирге окуя болгон жерге барышат.

Борбордук Азиядагы PRI эл аралык түрмө реформасынын аймактык директору Азамат Шамбиловдун айтымында, бир нече адамдарды өзүн өзү өлтүрүүдөн куткарып калган учурлар болгон. Андан тышкары жабык мекемелердеги балдардан кайрылуулар болгон. Кайрылгандардын анонимдүүлүгү сакталат. Жабык мекемеден басым тууралуу белги келсе, ыкчам түрдө топ окуя болгон жерге барып, баары менен иш жүргүзөт.

Бүгүн Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун “115” сурап-билүү кызматы кайрадан иштеп баштаганын белгилеп кетүү керек. Чалуу борбору 2015-жылы түзүлгөн. Бирок 2018-жылдын май айында долбоорду каржылоонун аякташына байланыштуу өз ишин токтоткон. Программа Улуу Британиянын КРдагы элчилиги жана PRI эл аралык уюмунун колдоосу астында кайрадан ишке берилди.

Пикир

Оставить комментарий