• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыйкатчы кызматына талапкер Т.Мамытов депутат Сулеймановдо башка өлкөнүн жарандыгы бар экендигин билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. КРнын акыйкатчысы кызматына талапкер Токон Мамытов парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймоновдо башка өлкөнүн жарандыгы бар экендигин билдирди

“Менде муну тастыктаган материалдар бар. Бир ай мурун мен аларды Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп бергем. Жакында Казакстандын Ички иштер министрлигинен, КРнын жарандыгынын иштери боюнча комиссиядан жооп алдым. Бул документтердин баары жыйналып, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилет”, - деди ал.

Ал эми депутат Сулейманов: “Бир генерал бизге Белиз боюнча маалыматтарды айткан, а сиз “Казакгейт” жөнүндө айта баштадыңыз. Эгер сизде кайсы бир документтер болсо, БШК аларды карап чыкмак”, - деп жооп берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш КРнын Акыйкатчысы кызматына шайлоо үчүн талапкерликтерди кароодо.

“Бир бол” фракциясы Рита Карасартованын, Рыскул Бактыбаевдин жана Маматурайим Момуновдун талапкерликтерин көрсөткөн. Момунов талапкерлигин алып салган. КСДП фракциясы Токон Мамытовдун, “Ата Мекен” фракциясы Азиз Канатбектин талапкерлигин көрсөткөн.

Белгилей кетсек, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз эрки менен кызматтан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий