• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы “Люстрация” коомдук бирикмесинин төрайымы баштаган өкүлдөрдү кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кечээ, 18-октябрда Акыйкатчы Токон Мамытов “Люстрация” коомдук бирикмесинин төрайымы Усубалиева Лира баштаган аймактык өкүлдөрдү кабыл алды - деп билдирет Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй, Жети-Өгүз, Таластан келген өкүлдөр аймактарда өздөрү жасап жаткан иштери тууралуу маалымат беришкен.

"Жолугушуу убагында коомубуздун көйгөйлүү маселелери болгон коррупцияга каршы күрөшүү, таза коомду түзүү маселелери биргеликте талкууланып, ой-пикирлер айтылды. Ошону менен бирге жогорудагы маселелер боюнча Акыйкатчы өлкөнүн укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын кызматкерлери менен жолугушууда алардын көңүлүн коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө басым жасап жаткандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий