• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы Мамытов ЖМК жана интернет ресурстарын маалыматтарды бурмалабоону суранды

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 13-октябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Евразия элдеринин ассамблеясынын (Өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык бирлиги) өкүлдөрүнүн онлайн-жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты биргелешкен иш-чараларды координациялоо жана учурдагы көйгөйлөрдү, милдеттерди жана пландарды тез арада талкуулоо болду.

Тактап айтканда, күн тартибине ассамблеянын маалыматтык саясатына тийиштүү маселелер жана эл аралык иш-чараларда ассамблеянын кызыкчылыгын коргогон Евразия эл аралык иш-чараларына байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча пландарды координациялоо маселелери киргизилген.

Ассамблея түзүлгөндөн бери өзүн социалдык-маданий, экономикалык жана геосаясий мейкиндиктин биримдигинин принцибине негизделген ири евразиялык өнөктөштүктүн коомдук коммуникациясы жана интеграциялык модели катары жакшы жагынан тааныта алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токон Мамытов айрым маалымат каражаттары жана интернет булактары 5-10-октябрь күндөрү, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодон кийин, Кыргызстанда болуп өткөн окуялар жөнүндө бурмаланган маалыматтарды жайгаштырып жаткандыгына көңүл бурду. Буга байланыштуу акыйкатчы мыйзамдуу президент С.Жээнбеков өз ишин улантып жаткандыгын, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мыйзамдуу курамы дагы өз ишин улантып жаткандыгын жана учурда КР өкмөтүн легитимдештирүү процесси жүрүп жаткандыгын билдирди.

"Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдар, соода түйүндөрү жана коомдук транспорттор иштеп жатышат", - деп белгиледи акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий