• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акыйкатчы Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия түздү

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Акыйкатчы саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссия соңку бир жылдан ашык УКМКнын Тергөө абагында кармалып жатып, 10-июнда каза болгон Марат Казакпаевдин камакта кармоо шарттары, камакта кармоонун негиздери жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жеткиликтүүлүгү жана башка жагдайларын иликтейт.

Аталган комиссиянын курамына Акыйкатчы аппаратынын, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун, “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди.

Эске сала кетсек, Казакпаев 2021-жылдын апрелинде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.

Пикир

Оставить комментарий