• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыйкатчы ооруп жаткандыктан КСДП фракциясынын жыйынына катыша албай калды

Коом 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. 14-декабрдан тарта акыйкатчы Кубат Оторбаев оорусуна байланыштуу стационардык дарылануудан өтүп жатат. Буга байланыштуу ал КСДП фракциясынын жыйынына катыша албай калды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

“Ал жыйынга келе албай турганы жөнүндө фракциянын катчылыгына 14-декабрда маалымдалган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Акыйкатчы 26-октябрдан 4-ноябрга чейин дагы дарыланууда болгон. Башка учурларда Кубат Оторбаев тиешелүү комитеттердин чакыруусунда бир нече ирет парламентке барган, бирок ар кыл себептерден улам ар жылдык баяндама каралбай калган.

2016-жыл бою Акыйкатчы институту тарабынан акыйкатчынын 10 атайын баяндамасы жасалган. Акыйкатчынын дарегине 16 миң адам кайрылган.

КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү чечкен. Мындай чечимдин себеби катары бүгүн, 15-декабрда анын фракциянын жыйынына келбей койгону айтылган.

Пикир

Оставить комментарий