• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыйкатчы Токон Мамытов жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кечээ,1-октябрда Акыйкатчы алгачкы ирет жарандарды кабыл алды, - деп билдирет Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда 10дон ашык адам болуп, ар бири өз укуктарын коргоп берүүнү суранышты.

"Алыскы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан жана жакынкы Сокулук, Аламүдүн, Кемин райондорунан келген жарандардын көпчүлүгү соттук чечимдерге нааразычылыгын айтышып, ал чечимдерине каршы экендигин билдиришти. Турак-жай талаш, жер-талаш маселесинен тышкары социалдык көйгөйлөр менен келгендер да арбын болду", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы “Наше право” жана “Движение многоквартирных домов” коомдук фондусунун жетекчиси Калича Умуралиева менен жолукту. Алар жер, турак-жай, экология маселелери боюнча пикир алышып, мындан ары бул тармакта биргеликте иш алып барууну сүйлөшүштү.

Кайрылган адамдарга Акыйкатчы өз кеңешин берип, ар бир арыз-даттанууларын көзөмөлдө болоорун билдирди.

Ар бир айтылган арыз-даттануулар боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий