• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы жана “Сезим” кризистик борбору кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчы институту жана “Сезим” кризистик борбору кызматташтык жана өз ара аракет тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Акыйкатчы Токон Мамытов балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен бирге “Сезим” кризистик борборуна барып, аталган уюмдун жетекчилиги жана эмгек жамааты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуу учурунда “Сезим” борборунун аткаруучу директору Бүбүсара Рыскулова акыйкатчыга борбордун ишинин багыттары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери көрсөткөн жардамы жана колдоосу, көңүл буруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Акыйкатчы менен алдыдагы кызматташтык эффективдүү жана өз ара пайдалуу болоруна ишеним артты.

Өз кезегинде акыйкатчы өлкөнүн башкы укук коргоочусу катары, ошондой эле акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери республиканын өкмөттүк эмес уюмдары менен укук коргоо жана КР жарандарынын коопсуздугуна байланышкан маселелерде ыкчам жана сапаттуу иш жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында Токон Мамытов жана Бүбүсара Рыскулова “Аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо тармагындагы кызматташтык жана өз ара аракет жөнүндө” меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий