• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери шайлоого мониторинг жүргүзүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана бардык жети облустагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Кыргызстанда өтүп жаткан референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө киришти. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле КР Акыйкатчысынын чет өлкөлөрдөгү коомдук башталыштагы өкүлдөрү референдумга байкоо жүргүзүшөт.

КР Акыйкатчы аппараты ошондой эле жарандарды жигердүү болууга жана шайлоо мыйзамдары бузулган фактылар тууралуу КР Акыйкатчы аппаратынын 115 Шыр байланыш кызматына кабарлооңорду суранат. 115 кыска номерине республиканын бардык уюлдук операторлорунан жана стационардык телефондордон чалуу акысыз.

Мониторингдин натыйжалары жана Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарынын жол коюлган бузулуулары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын коргоону камсыздоону жакшыртуу маселелери боюнча жалпыланган сунуштамалар башкы укук коргоочу органдын кызматкерлеринин билдирүүлөрүнүн жана шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн ММКлардын жарыялоолорунун негизинде иштелип чыгылат.

Маалымат иретинде: Бүгүн, 11-апрелде өлкөбүздүн жарандары 28 шаардык кеңешке 796 депутатты жана 420 айылдык кеңештерге 7560 депутатты шайлашат. Ошондой эле референдумда КР Конституциясынын жаңы редакциясы боюнча добуш беришет.

КР БШК маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн КР жарандары үчүн шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн 48 шайлоо участоктору ачылган.

Пикир

Оставить комментарий