• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыйкатчынын орун басары болуп Гүлнара Жамгырчиева шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш жыйынында Жамгырчиева Гүлнара Оморовна депутаттардын басымдуу добушу менен кайрадан Кыргыз Республикасынын акыкатчысынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Ал 2015-жылдан бери ушул кызмат ордунда иштеп келет.

Жогорку кеңештин төрагасы Дастанбек Бекешев жалпы депутаттардын атынан Гүлнара Жамгырчиеваны эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Гүлнара Жамгырчиева 57 жашта. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун Гидротехника факультетин инженер-гидротехник адистиги боюнча бүтүргөн.

Пикир

Оставить комментарий