• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Акыл Тирек – 2016» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Кыргызстанда “Акыл Тирек” интеллектуалдык сынагынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрү сыйланды. Уюштууручулар билдиргендей, салтанат 24-мартта Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында өткөн.

Быйыл “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” сынакты сынактык эмгектерди эксперттик баалоодо аракеттешкен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүп жатат.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” КФ негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, КР УИА президенти Абдыганы Эркебаев жана Чолпонкул Арабаев тапшырышты.

2016-жылы аталган сынакка катышуу үчүн илимий-изилдөө иштери жана социалдык-экономикалык долбоорлору заманбап Кыргызстан туш болгон ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 78 кыргызстандык билдирме калтырган.

Сынактык эмгектер эки баскычтуу экпертизадан өттү. Биринчи баскычы “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун” эксперттери тарабынан өткөрүлүп, андан соң КР УИАнын эксперттик тобу комплекстүү иштерди аткарды.

“Акыл Тирек - 2016” сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Абдырахманов Төлөбек Абылович - “Кыргызстандын мамлекеттик бийлик ресурстары көз карандысыздыктын 20 жылында” эмгеги менен

- Кылычбекова Наргиля Курмангалиевна - “Сүт жана дан өсүмдүктөрүнүн негизинде функционалдуу продуктуларды иштеп чыгуу” эмгеги менен

- Байгазиев Мирбек - «Төө буурчак жыйноочу комбайндын конструкциясы»,

- Чолбаева Сагынбүбү Джумабековна - “Экономиканын чыныгы сектору менен мамлекеттик ишкердик өнөктөштүктүн каржылык-насыялык механизмдери”

- Турусбеков Сагындык Калыбекович - «Энергияны аккумуляциялоо».

Сынактын дипломаттары:

- Мамбеталиева Светлана Медетбековна - “Профилдик түтүк жана фибробетон панелдеринен турган имараттардын каркасынын элементтерин басып чыгаруучу принтерди даярдоо”

- Баялиев Алтынбек Жакыпбекович – «Отбойный молот с разделяющимся бойком»

- Мураталиева Венера Женишбековна - «Газ аралашмаларынан көмүр кычкыл газын воллостанит менен жоюу»,

- Алымбеков Кенешбек Асанкожоевич - «Топоздун этин сарамжалдуу кайра иштетүүнүн илимий-тажрыйбалык негиздери»,

- Эсен уулу Кылыч - «Тарых, маданият жана этнография» фонду.

«Акыл Тирек» сынагынын жаш катышуучуларынын арасынан лауреаттар:

- Абдыбеков Азисбек Анарбекович

- Батырбекова Жылдыз Касымбековна

- Дуйшонбаева Астра Такыбаевна

- Бровко Наталья Анатольевна

- Элеманова Римма Шукуровна

- Дооранов Алмазбек Пазылбекович

- Насирдинов Асылбек Төлөнович

- Карабаев Айбек Нурудинович.

Пикир

Оставить комментарий