• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Султанов: Кыргызстанда эл каттоо иш-чарасы белгиленген убакытта өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Эл жана турак жай каттоо иш-чарасы белгиленген убакта – 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы тоолуу аймактарда 20нан 29-апрелге чейин өтөт. Бул тууралуу 14-мартта КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Султанов белгилегендей, коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карата Улутстатком каттоочуларды окутуу программасына коронавирустук инфекциядан коргонуу үчүн негизги коопсуздук чараларын киргизди.

“Эл жана турак жай каттоого карата даярдык иштери 90% аяктап калды. Азыркы тапта мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрү каттоочуларды окутуу иштерин жүргүзүп, ал 20-мартта аяктайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий