• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Акылбек Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта мелдештин жарым финалында ирандык балбанды 8:0 эсебинде утуп алды. Буга чейин ал индиялык спортчуну 7:1 эсебинде жеңген.

Аталган мелдеште буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий