• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров 19 тонна алтындын дайыны тууралуу жооп берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандан 19 тонна алтындын сатылышы тууралуу билдирүүгө жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Жапаровго “Азаттыкта” Кыргызстандан 19 тонна алдындын чыгуусу боюнча жазылган материалы тууралуу суроо узаткан.

Жапаров жакынкы аралыкта бир жылдык отчету менен Жогорку Кеңешке келе турганын билдирди.

“Алтын боюнча сиздерге так жооп берүүгө даярбыз. Айрым маалымат агенттиктер бири-бирибизди алтындын тегерегинде чырлашып калышсын деген аракетине жол бербейбиз. Алтындын бир миллиграммына чейин маалымат бар”, - деди ал.

Эскерте кетсек, “Азаттыкта” буга чейин Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган. Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан ашыгы кайсы өлкөгө экспорттолгону белгисиз экендиги жазылган.

Пикир

Оставить комментарий