• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Акылбек Жапаров Ага Хан уюмунун жетекчиси менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Ага Хан уюмуна Кыргызстанда билим берүү, саламаттыкты сактоо, тоолуу райондордун калкын колдоо, финансы-экономикалык чөйрөдөгү маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир алышууда Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин (БАУ) ийгиликтүү иш алып баруусуна басым жасалды, аны Акылбек Жапаров Кыргызстан жана Борбор Азия жаштары үчүн жеткиликтүү сапаттуу билим берген үлгүлүү окуу жайы катары сыпаттады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле БАУ Нарын шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө оңдуу таасирин берип жаткандыгын белгиледи.

«Эгерде Ага Хан фонду Нарын мамлекеттик университетин БАУ үлгүсү боюнча өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыкса мыкты болоор эле, бул Нарын шаарын республиканын илим, билим берүү жана маданий борборуна айлануусуна түрткү бермек», - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Шамш Кассим-Лакха министрлер кабинетинин башчысына жылуу кабыл алуусу жана жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Өкмөттүн колдоосуз БАУ негиздөө мүмкүн эмес эле деп билдирди.

Жолугушуу жыйынтыгында тараптар Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча көп тамактуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий