• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров аймактарды кыдырып, жеринде элдин суроо-талаптарын угат

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.22./Кабар/. Президенттин сунушу менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондордун кыдырып, жергиликтүү тургундарды кабыл алуу менен алардын суроо талаптарын угат. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Нарын облусунда болгон жумушчу сапары учурунда билдирди.

"Бизге келген кайрылуулардын 80% укук коргоо органдарына байланыштуу болууда. Тергөө иштерине, соттук процесстерге даттанган жарандар арбын. Ошондуктан алдыдагы күндөрү башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте аймактарды кыдырып, жеринде элдин кайрылууларын угабыз. Алгачкы жолугушууну Токтогул районунан баштайлы деген планыбыз бар", - деди Акылбек Жапаров.

Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин мен бул кызматка келер алдында мага айткан жакшы сөзү бар, "Кыргызды кыргыздын жеринде кор кылбайлы" деген. Албетте жарандарыбызды чет жактарга барып толук кандуу коргой албасак да, Кыргызстанда коргосок болот, ошол себептүү баарыбыз кызматыбызды албайлы деген ниетте ушул сапарды уюштуруп жатабыз деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий