• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Айыл аймактарынын мамлекеттик дотациядан чыгуусу үчүн максималдуу күч-аракттерди жумшоо зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде баяндама жасады.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров мамлекеттик башкаруунун жаңы тутумуна өтүү зарылдыгын белгиледи жана мындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө ролун белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги бир катар олуттуу көйгөйлөрдү көрсөттү, анын катарында – айыл өкмөтүндөгү жетекчилердин демилгесиздиги, жергиликтүү бийлик органдарына карата калктын ишеним деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле аймактын экономикалык өнүгүүсүнүн реалдуу жыйынтыктарынын жоктугу.

Акылбек Жапаров ошондой эле аймактарды мамлекеттик дотациялоого байланыштуу көйгөйлөргө токтолду.

“377 айылдык аймак (же 84%) мамлекеттик дотацияда, айыл өкмөттөрдө субсидияны кыскартуу боюнча так пландар жок, жергиликтүү бюджетти толтуруунун кошумча булактарын табуу боюнча иштер жүргүзүлбөй келүүдө. Мындай болбошу керек. Мамлекеттик дотациядан чыгуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Бул үчүн киреше салыгынын 100%ы, роялтинин 50%ы жана сатуудан алынуучу салыктын 30%ы жергиликтүү бюджетке түшөт. Мамлекет бардык коммуналдык кызматтарды төлөөнү өзүнө алат, ошондой эле 2022-жылдын 1-январына чейин бардык мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлөт”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Бишкек жана Ош шаарларын эсепке албаганда, өлкөнүн бардык жалпы билим берүү мекемелерин (мектептерди) каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий