• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Айыл банк» ачык акционердик коомун өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана финансы мекемесин өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилди, айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоо боюнча банкты 2026-жылга чейин өнүктүрүү планы сунушталды.

«Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш. Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр төмөнкү үстөктүү жеткиликтүү кредиттер менен камсыздалышы керек. Биз агрардык сектордун кластерлеринин динамикалык өнүгүүсүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздообуз зарыл», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешмеде финансы мекемесин капиталдаштыруу, чет жерде иштеген мекендештердин салымын тартуу боюнча банк продуктуларын ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Маалымдама: 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын активдери 41 миллиард сомдон ашуун сумманы түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10 миллиардга көп саналат.

2021-жылы кинистрлер кабинети банкты 2,5 миллиард сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5,5 миллиард сомду түздү. Министрлер кабинетинин башчысынын тапшырмасына ылайык, 2022-жылы уставдык капиталды 100 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий