• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Арменияда өтүүчү ЕӨАК жыйынына катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-19-ноябрда Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын катышуусунда өтөт.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары ЕАЭБ ички рыногундагы алып салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү, 2021–2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, союздук өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, булгаары, жүн сырьесу, зыгыр буласы жана пахта буласы боюнча талап-сунуштардын балансы маселелерин, 2021–2024-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын, Союздук мамлекеттердин климаттык күн тартиби алкагындагы багыттарын жакындаштыруу боюнча иштин жүрүшүн талкуулайт.

Жыйындын алкагында ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну, Биологиялык коопсуздук стратегиясынын долбоорун, электрондук соода маселелерин, анын ичинде аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жол картасын бекитүү каралууда. Ошондой эле 2024-жылга чейин өндүрүшү камсыз кылынууга тийиш болгон медициналык багыттагы стратегиялык маанилүү дары-дармек жана фармацевтикалык субстанциялар менен интеграциялык бирикменин өлкөлөрүн камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы каралмакчы.

Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кредиттик тарыхка киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө Келишимге кол коюуну пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий