• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, дипломатиялык корпустун башчысы Гидаят Оруджевди анын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы элчиге кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын бардык тармактарында салтка айланган достук жана тыгыз мамилелелердин улантылышына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Гидаят Оруджев Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасын жана Азербайжан Республикасын жалпы маданияты, тарыхы, тили жана салты бириктирип турат деп белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Гидаят Оруджевди эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди жана достук кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий