• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров БА өлкөлөрү жана Азербайжандын мамакадемияларынын ректорлорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекеттик академияларынын ректорлору, Ханнс Зайдель атындагы Фондунун өкүлдөрү менен жолугушту .

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөдө мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү багыттары, мамлекеттик кызматкерлерге билим берүү маселелери, мамлекеттик кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары электрондук өкмөттү түзүү, мамлекеттик башкаруунун жаңы концепцияларын жана борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында мамлекеттик кызматтын стандарттарын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле аткаруу бийлигинин жаңы структурасынын алкагында Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, жолугушуу КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдыгын жана Кыргызстандагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн 20-жылдыгын белгилөө алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий